Астротөлгө: 13-февраль күнү төрөлгөн адамдар талыкпай эмгектенгендиктен жеке жашоого көп көңүл бурушпайбы?

13-февраль күнү төрөлгөн адамдар алдына максат коюп, ага жетүү үчүн болгон аракетин жумшаган, аракетчил болушат. Алар табиятынан энергияга бай болгондуктан кандай тармакта болбосун иш алып барып, ийгилик жарата алышат. Ошондой эле буларда чечкиндүүлүк сапат бар болгондуктан маселени бирөөнүн жардамысыз эле туура, так чече алышат.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар алдына койгон максатына өжөрлүгү менен жете алышат. Ал үчүн болгон күч-аракетин жумшап, талыкпай эмгектенишет. Ошону менен катар айланасындагы адамдарга кеп-кеңештерин берип, ал тургай жардамга колун сунууга да даяр болушат. Булар көп иштеп, аз эс алгандыктан жеке жашоого көп көңүл бурушпайт. Бул күнү төрөлгөндөрдүн көпчүлүгү жашоосунда жалгыз болушат. Эгерде өзүнө ылайыктуу адамды кезиктирсе, ага ишенимдүү өнөктөш болуп бере алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан