Бул күнү төрөлгөндөр балык жылдызына тиешелүү сезимтал жана эмоционалдуу мүнөздү алып жүрүшөт. Бирөөгө сүйлөп бергенди да, укканды да билишет. Адабиятка, актёрлукка, сүрөт тартууга, музыкага жакын, ошондуктан көбүнчө бул адамдардан артист же жазуучулар чыгат. Талыкпай эмгектенгенди сүйүшөт, анын натыйжасында жумушта ийгиликтүү бурулуштарды жасайт. Өзүн ишенимдүү алып жүрүшөт, кайсы тармакка тиши өтсө колун салгандан коркпойт. Ошентип бирөөгө жагуу, өзү тарапка балл чогултуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышат.
Зээндүү, чечен, ак көңүл, боорукер жана тынчтыкты жактырышат. Байлыкка, бийликке азгырылып кетүү деген буларда жок. Ийгилигинин бир сыры - интуициясынын күчтүүлүгүндө, өзүн убагында "от алдырып", убагында токтото алат. Алдыга койгон "А" планын аткарардан мурун "Б" планын да ойлонуп коюшат.
Сыйчыл, так, камкор жана берешен бул адамдар бекем үй-бүлө курушуп, камкор ата-эне болушат.