Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум. Бүгүн Бишкек шаардык соту Марс Бөдөшовдун ишин карайт

Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаардык соту айыпталуучу Марс Бөдөшовдун апелляциялык арызын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун агасы Жолдош Бөдөшов билдирди.

Эске салсак, 12-декабрда Свердлов райондук соту айыпталуучулар Марс Бөдөшовду 20 жылга, ал эми Акмат Сейитовду 7 жылга эркинен ажыраткан.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилип, кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ka2sr1
2019-02-12 11:04:26
Кыргыздын кыздары эч убакта озунорду озунор коомдо басынтпагыла. Болбосо араб иран афганистан аялдарына окшоп кул сыяктуу жашап каласынар. Азыр дин аркылуу кыргыздын жакшынакай кыздарын арабташтыруу аракетин коруп жатышат. Ар кайсы хиджаб паранджаларга чумконуп озунорду озунор кулга айлантып салбагыла. Акыркы убакта кыргыз кыз келиндерин басмырлоо, кемсинтуу кучоп бараткандай.
-1
Chyngyz_kg
2019-02-12 12:15:32
ушул маселе батыраак каралып бутсо болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан