Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмү боюнча кезектеги соттук отурум башталды

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум бүгүн, 28-ноябрда Свердлов райондук сотунда улантылууда.

Соттук отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшов көрсөтмө берип баштады.

Буга чейин "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов көрсөтмө берген. Ал өз көрсөтмөсүндө милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын айткан. Сейитовдун берген көрсөтмөсүнөн кийин айыпталуучулардын жакындары менен жабырлануучу тараптын ортосунда жаңжал чыккан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Бурулайдын өлүмүнө шектелген Марс Бөдөшов: "Бычак сайган-сайбаганымды билбейм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан