Кыргыз спортчусу Жыргал Оросбаев пауэрлифтинг боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда күмүш медаль тагынды. Мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүп жатат. Анда 39 мамлекеттен барган 209 спортчу күч сынашууда.
Жыргал Оросбаев 107 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Биринчи аракетинде ал 202 килограмм оордукту көтөрүп, экинчи аракетинде 205 килограмм салмакты көтөргөнү менен, калыстар анын аракетин жокко чыгарып койду. Үчүнчү аракетинде ал 206 килограммды көтөрүп, байгелүү орунга ээ болду.
3-орунда 80 килограммды көтөргөн Ирактын спортчусу Аббас Наисан болсо, алтын байгенин ээси 240 килограммды көтөргөн монголиялык Содномпилжи Энхбаяр болду.
Буга чейин 54 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан 16 жаштагы Азизбек Замирбек уулу коло медалды жеңип алган.