Өлкөдөгү абактарда чет элдик 360 жаран жаза өтөп жатат

Өлкө аймагындагы абактарда чет элдик 360 жаран жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

"Учурда жазасын өтөп жаткан жарандар абактан чыккандан кийин аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча мыйзам иштелип жатат. Каражат маселеси чечилген. Мурда мындай мыйзам болгон эмес. Жазасын өтөп бүткөндөн кийин абактан чыгарылардан бир ай мурун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Чек ара кызматына, Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтөт. Анда камактан чыга турган чет элдик жарандын аты-жөнү жазылат. Тышкы иштер министрлиги тиешелүү документтерди даярдайт. Тиешелүү мекеменин кызматкерлери абактан чыккан чет өлкөлүк жаранды аэропортко же чек арага жеткирип, өткөрүп берет. Кийин алар кат түрүндө маалымат берет. Башкача айтканда, ведомстволор аралык көзөмөлдө болот", - деди Асанов.

Жогорку Кеңеште “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан