Сүйүнчү! Алып баруучу Нурзат Токтосунова кыздуу болду

Бүгүн, 13-февралда белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова кыз төрөдү. Бул сүйүнүчтүү жаңылыгы менен SUPER.KG порталына анын жолдошу, тамада Максат Надырбеков бөлүштү.

"Нурзат Алматы шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Мен үйдө уктап жатсам сүйүнчүлөп чалышты. Кызыбыз ай-күнүнө жетпей төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Балалуу болгонума аябай толкунданып жатам", - деди Надырбеков.

Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова өткөн жылдын декабрь айында социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн кош бойлуу экенин жарыялап, "Кудайым кут кылсын, түбөлүгүн түз кылсын, буюрса, жакында ата-апа болобуз. Көп айтпайлы, көз болбосун, бир күнү сүйүнчүлөйбүз", - деп жазган.

Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова 35 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Aijanar17
2019-02-13 17:49:03
Омуру узун болсун!!!
+2
vikidiki
2019-02-13 18:09:44
Куттуктайм! Омуру узун болсун!
+2
Nargiza1987k
2019-02-13 18:10:27
Акыл эси менен болсун омурун берсин
+2
aiba.8327
2019-02-13 18:15:56
болсун болсун
+2
asia_92
2019-02-13 18:20:54
Ыймандуу акылдуу кыздардан болсун.Бул 2 ай мурун боюмда бар деди элего.
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-13 18:41:44
Аллахым түптөп берсин.
+2
nur0202
2019-02-13 19:16:23
Кызык........................го.
+4
bema_bema
2019-02-13 20:12:50
Аа бирок деген жери ойлондурдугооо....

+5
melashka
2019-02-13 20:56:15
Куттуктайм омуру узуууун акылдуу ыймандуу кыздардан болсун!
+2
Aktan2018
2019-02-13 20:57:03
++++++
0
Safiya91
2019-02-13 21:36:23
3-4 кун мурун 7ай болдук деди эле. Бешик боосу бек болсун, ата апасына кут кыласын. Омурлуу, ыймандуу кыздардан болсун.
+3
maksel2009
2019-02-13 22:03:26
Бешик боонор бек болсун!
+3
Margana93-
2019-02-13 23:43:52
Омурлуу бактылуу кыз болсун
+1
Nur777
2019-02-13 23:50:37
Бешик боосу болсун!Акылдуу,сулуу,кайрымдуу кыз болуп чонойсун,аркасынан ини-синдилерин жетелей келсин!
+1
Pandora
2019-02-14 01:30:26
Ак жолтой кыз болсун,артынан көөп ини-сиңдилерди ээрчитип келген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан