Съездбек Таштекеевдин 9 баласы бар. Алардын улуусу 18 жашта болсо, кичүүсү 8 айлык. Балдардын алтоосу шахматты профессионалдык деңгээлде ойноп, бир топ беделдүү сыйлыктарды жеңип келе жатышат. Чемпиондор өскөн бул үйдөгү бир туугандар бири-бири менен атаандашып шахмат ойноп, ал тургай кээде үй-бүлөлүк мелдештерди уюштуруп турушат.
Чемпиондордун атасынын айтымында, балдарды шахматка кызыктырууга алардын тентектигин жоюу максаты түрткү болгон.
“3 уулум удаа төрөлүп, 5-6 жашта абдан тентек чыгышты. Аларды эмне менен алаксытам деп ойлонуп, шахмат үйрөтө баштадым. Үчөөнүн ойногонун көрүп таасирленген ини-карындаштары да шахмат үйрөнүп, көп ийгиликтерди багындырышууда”, - дейт ал.
Шахматчы бир туугандар тууралуу кененирээк төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыздар.