Айыл чарба министрлиги фермерлер үчүн экспорттоого ыңгайлуу делген азыктарды атады

Өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт азыктары, гилас, кургатылган жемиштер, капуста, бал, дан өсүмдүктөрү жана пахтаны башка өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогору. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көп киреше табуу үчүн жогоруда айтылган продукцияларды өндүрүү дыйкандарга сунушталат.

"Бир нече Европа өлкөлөрү кыргыз жеринде өстүрүлгөн төө буурчакты сатып алууга кызыкдар. Орусия өткөн жылы 10 миң тонна төө буурчак сатып алса, бул жылы 5 миң гана тонна сатып алууну көздөөдө. Аларга "бул жылы да былтыркыдай көлөмдө сатып алгыла" деп талап коё албайбыз. Ар бир өлкө керегине жараша сатып алат.

Дыйкандарга жардамдашуу максатында экспорттоого ылайыкталган продукцияларды өндүрүү үчүн жылдык үстөгү 6 пайыз, ал эми экспортко ылайыкталбаган продукциялар үчүн жылдык үстөгү 10 пайызды түзгөн насыялар берилет", - деди Ташболотов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан