Бишкек шаарында стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылып, жардамга муктаж болууда

Бишкек шаарында стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылып, жардамга муктаж болууда. Мындай маалыматты Мамбеткалиеванын кесиптештери социалдык тармактарга жазып чыгышты.

"Биздин досубуз жана кесиптешибиз стилист Асел Мамбеткалиева Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылды. Жаңылыктарды көрсөңөр керек. Азыр анын жаны кылдын учунда турат. Дарыгерлер 3 операция жасады. Ички органдары катуу жабыркаптыр. Азыр бул назик кыздын жүрөгү чыдабай калат деген коркунучтар пайда болууда. Рулду башкарган эркек киши каза болуп калды. Бирок биздин досубузду сактап калсак болот. Аселдин 3 баласы бар. Ал дайыма кайрымдуулук акцияларына жана долбоорлоруна катышып келген. Азыр ага жардам берүүгө убакыт келди. Бизге сиздин жардамыңыз керек. Достор, жардам бергилечи", - деп жазган кесиптеши Мади Бекдаир.

Асел Мамбеткалиева оор операция жасала турганына байланыштуу жардамга муктаж болууда.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу көз жумуп, жүргүнчү №4-шаардык ооруканага жеткирилген.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсеп: KICB 1280 1660 4062 2048

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bond02
2019-02-18 11:17:39
Жардам берууго убакыт келди деп тазза го, уч баласы болсо жол тандабастын айдоочусу ким?
-8
Nanei
2019-02-18 11:47:45
bond02,жардам бербесен жон эле отуп кете бер да. Жамандын ою да жаман деген ушу да. Сен эртен эмне болосун бир Кудай билет
+13
Aiymkunumjyldyzym
2019-02-19 00:55:58
bond02,tebetei tegerengiche degen soz bar,ooz kesir suiloboson.
0
juma11anara
2019-02-18 11:35:21
Урматтуу кабарчы 17-февраль саат 13:15 деп турабы?
17-февраль 08:15 эмеспи?
-2
juma11anara
2019-02-18 17:00:22
juma11anara, мага минус баскандарга бали деймин
-1
Paprikafm
2019-02-18 12:07:10
Бишкекте Дэн Сяопин деген көчө барбы, тооба кимдин аты,
-8
AIA-TOO
2019-02-18 12:54:33
Paprikafm,Бишкекте андай белгисиздердин атына коюлган көчө, айылдар толтура.
+3
Patoshik1
2019-02-18 12:55:23
Paprikafm,Дэн Сяопин это китайский политик,улица у нас где шлагбаум жактагы кочо да,маршруткалар толтура ден Сяопин кытайды управление кылган толтура жыл мурун улица в честь ага коюлган вот поетому болуш керек!!!
0
bessmertiy
2019-02-18 14:21:39
Patoshik1, кечиресиң орусчаңа майда жетпей калды. Толук орусча жазсаң майдалап берет элем.
+13
futboler
2019-02-18 14:52:59
Patoshik1, орусчаны ит чайнагандай кылып салыпсың го
+15
Aselya_9105
2019-02-18 23:40:44
Patoshik1,Сиздин орусча-кыргызча комментарийиңизди окуп алып..... андан ары айтпай эле коёюнчу. Көзүмө ден соолук...
+2
Paprikafm
2019-02-18 18:42:10
Paprikafm,мага да минус баскандарга бали, билбесе сурайбы
+1
Nur777
2019-02-18 22:33:04
Paprikafm,тобаалабай тарыхты окусан,История Кыргызстанадан башка История зарубежных стран дегенди оку,ото кызык жана пайдалуу,Ден Сяопин,Махатма Ганди ж.б адамдардын биографиясын окусан андан да кызык болот,баса тобаа эмес тобо кыргызчасы,тооба озбекче болуп калат...Юандерстенд?)))
0
Shekeev969798
2019-02-19 02:41:45
Paprikafm,Дэн Сиопина кытайдын улуу Саясатчысы
биздикер кытайларга жагынып Биздин кочобузго атын берген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан