"Айыл чарба министрлигин эл чириген картошка менен салыштырып жатат", - деп Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты. Депутат Айыл чарба министрлигине көп сын-пикирлер айтылып жатканын, министрликтин алдында бир нече департамент иш алып барып жатканы менен көйгөйлөр чечилбей келгенин баса белгиледи.
"Айыл чарба министрлигин эл чириген картошка менен салыштырып жатат, эми бул элдин пикири", - деди Бокоев.
Буга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Картошка боюнча маселе Кочкор, Жети-Өгүз жана Түптө эле болуп жатат. Мындай көйгөй башка аймактарда жок. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү мындан бир нече күн мурун Өзбекстанга барып картошканы өткөрүү боюнча келишим түзүп келди. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Күнүнө Өзбекстан тарапка 180-200 тоннага чейин картошка өткөрүлүп жатат", - деди.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев "чириген картошка жок, мен деле айрым аймактарды кыдырдым" деди.
"Мына мен кечээ эле Ысык-Көлгө барып келдим, мага жергиликтүү тургундар март айы болуп калды, картошка чирип жатат деп айтышты. Анда бул маселени картошка чиригенде көтөрөйүн, эч моюнуңарга албайт экенсиңер да", - деп кошумчалады депутат Бокоев.