Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен биргеликте мурдагы 7 аткаминерге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум жабык өтүүдө.
Аталган райондук сотто күзөтчү кызматында тургандар башка иштерин бүтүрүү үчүн келген адамдарды да эшиктен ары өткөрбөй жатышат. Эл "сотко тиешебиз жок" деп башка жумуш менен келишкендиктерин түшүндүрүштү. Бирок күзөт кызматындагылар Исаковдун иши боюнча соттук отурум бүткөнчө эч кимди киргизбегиле деген буйрук болгонун айтышты.
Өткөн жылдын 29-майында Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган.