Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.
Соттук отурум айыпталуучулардын сурак берүүсүнө келип жетти. Алгачкы сурак мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдон башталды.
Исаков ЖЭБди жаңылоодогу иши боюнча айтып, сөзүнүн аягында ага коюлуп жаткан күнөөнү моюнга албай тургандыгын айтты.
"Тергөө банктарга өтүнүч жибергенин көрдүм. Менин жакындарыма, туугандарыма, досторума оодарып коюшту. Дагы жакшы менин досторум бай эмес", - деди Исаков.