Депутат Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Айжан Орозакунова эл өкүлү жаткан палатага кирип чыкканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Айрым маалымат каражаттары Артыкбаев бир дагы ооруканада жок, ал өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматтарды жазышууда. Орозакунова бул сөздөрдү четке какты. Анын айтымында, депутат Улуттук кардиология борборунда жатат. "Бүгүн Артыкбаев жаткан палатага киргенге уруксат алдым. Азыр операция жасоого даярдыктар көрүлүүдө. Операциянын алдында организмди даярдоо керек. Анын ашказаны дагы ооруп жатыптыр. Дарыгерлер тынчын албагыла деп сүйлөшкөнгө уруксат бербей, учурашып эле чыктым. Артыкбаевдин абалы оор", - дейт жактоочу.
Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.