Адвокат "ЖЭБ кырсыгына Айбек Калиевдин эч кандай тиешеси жок" дейт

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин ачылган кылмыш ишин кароо улантылды.

Анын жүрүшүндө айыпталуучу "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев ЖЭБ шаардын Свердлов районунда жайгашканын айтып, ишти Свердлов райондук сотунда кароону өтүндү. Судья бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Мындан тышкары адвокат Калиевдин баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Судья бул өтүнүчтү да четке какты.

Жумашевдин айтымында, ЖЭБдеги кырсыкка Айбек Калиевдин эч кандай тиешеси жок. "Кылмыш иши козголуп, тергөөнүн эң аягында эле Калиевге айып угузулду. Бул саясий чечимге окшошуп жатат", - деген оюн айтты адвокат.

Сот отуруму 2-ноябрда улантылат.

Белгилүү болгондой, айыпталуучулардын арасында "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен иш козголуп, айып тагылган.

Ошондой эле бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучулардын катарына "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да болду. Айбек Калиев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан