Караколдогу окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы киши колдуу каза болгон окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору кызматтан кетти. Бул тууралуу мектеп директору Клара Курбановага байланышка чыкканыбызда өзү билдирди.

"Мен эч кандай комментарий бере албайм, ал мектепте иштебей калдым, жумуштан кеттим", - деди ал.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелип 8 бала кармалган. Алардын экөө 16 жашта болгон. Ал эми Каракол шаардык соту шектүүлөрдүн алтоону эки айга, калган 2 мектеп окуучуну бир айга камакка алган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги тастыктап, мектеп директору өз каалоосу менен жумуштан кеткенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2019-02-19 13:57:08
Директордо эмне куноо???чоноюп калган эркек балдардын артынан чуркап журмок беле куну туну??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан