Эртең, 19-февралда Бишкек шаарынын бир катар райондорунда ысык жана муздак суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлап, жашоочуларды сууну бир күнгө жетерлик камдап алууга чакырды.
Маалыматка ылайык, суу эртең саат 9:00дөн тартып 24:00гө чейин өчүрүлөт. Сууну убактылуу өчүрүүнүн себеби - шаардагы суу берилүүчү түтүктөрдү кеңейтүү максатында оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлөт. Буга байланыштуу суу өчүрүлгөн райондордогу бала бакча, мектептердин 1 күндүк иши башка күнгө жылдырылат.
19-февралда суу өчүрүлө турган райондордун тизмеси:
№3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Түштүк-2, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичи райондорунда;
Көк-Жар, Жогорку Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Кыргызстан-1, Кыргызстан-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр конуштарында, Совмин шаарчасы, Орто-Сай, Чоң-Арык жана төмөнкү Орок айылдарында;
Жал-29 кичи районундагы балдардын адаптация борбору, №4 шаардык ооруканасы, №5 мончо, Ротор, Фурманов көчөсү 10, Гагарин көчөсү 74 дарегиндеги "Бишкек жылуулук энерго" отканалары;
"Ак-Кеме" мейманканасы, Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө ("Акун") жана Грибоедов көчөсүндөгү №1/1 даректеги үйдөгү ведомстволук отканалар:
"Бишкек суу канал" ишканасы жашоочуларга түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана суроолор жаралса (0312) 56-03-20 номерине байланышууга болорун маалымдайт.