Бишкекте кичи автобус бир кызды сүзүп кетти

Бишкекте кичи автобус бир кызды сүзүп кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан тастыкташты.

Кырсык саат 17:20 чамаларда Жибек Жолу кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишкен жеринде орун алган. Учурда "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсык болгон жерге барды. Бирок кыздын абалы боюнча азырынча так маалымат жок. Маалым болгондой, кичи автобус кыз атайын белгиленбеген жайдан өтүп баратканда сүзгөн.

Аталган кырсык боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат бере элек.

Маршруттук такси жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aijamal_1990
2019-02-19 03:39:43
Атайын белгиленбеген жайдан отуп баратпай эле,пешеходтон эле отуп баратыптыр го?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан