Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын "Суу кодекси" боюнча жыйын өтүп жатат.
Аталган жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатканынын негизги себеби сууну рынок экономикасында кароо маселеси болуп жатканын билдирди.
"Сууга акча төлөнбөйт. Бирок ошол сууну алып келүүгө кеткен акча каражаты төлөнүшү керек. Эл арасында эмнеге суу өзүбүздө бекер болсо, биз ага акы төлөшүбүз керек деген нааразычылыктар чыгууда. Бул жерде эл туура түшүнүшү керек, алар сууга каражат төлөбөйт, аны алып келүүгө сарпталган каражатты гана төлөшөт", - деди эл өкүлү.
Мындан тышкары Туманбаева сууга каражат төлөө механизмдери дагы өздөштүрүлүп жатканын айтты.
"Жердин үстүндөгү сууларга төлөнбөйт. Эгер агып жаткан эле суудан түзмө-түз колдонуп жатса ага акы алынбайт. Ал эми жер асты менен атайын суу түтүктөрү аркылуу алынып келген сууга акы төлөнөт. Учурда элге суу жеткирип жаткан каналдардын сапаты өтө начар. Ошонун негизинде көп сууну жоготуп жатабыз",- деди депутат.