Эртең, 20-февралда Оштун "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында түркмөнстандык "Ахал" командасы менен беттешет.
Беттеш Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо 20-февраль күнү саат 14:00дө башталат. Кирүү акысы 100 сом.
Бул беттеш тандап алуу оюндарынын алкагындагы эки команданын алгачкы беттеши болот. Командалардын жооптук беттеши 27-февралда Түркмөнстандагы "Ашхабад" стадионунда өтөт. Беттештин башкы калысы Омар Мубарак Мазаруа Якуби (Оман) болот.