Орусиянын белгилүү "А`Студио" тобу Бишкек шаарында концерт уюштурат

Орусиянын белгилүү "А`Студио" тобу Бишкек шаарында концерт уюштурат. Бул тууралуу маалымат топтун социалдык баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, "А`Студио" тобу гастролдук турненин алкагында Орусиянын бир нече шаарында, андан тышкары Кипр жана Бишкекте күйөрмандарына концерт коёт. Топтун турнеси кечээ, 18-февралда башталган, жыйынтыктоочу концерт Бишкек шаарында 28-мартта өтөт.

Орусия жана казакстандык "А`Студио" тобун 1987-жылы Байгали Серкебаев негиздеген. Азыркы тапта "А-Студио" тобунун курамында Кети Топурия (вокал), Байгали Серкебаев (клавишалуу аспап), Владимир Миклошич (бас-гитара), Сергей Кумин (гитара) жана Евгений Дальский (урма аспап) бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rahatov
2019-02-19 19:39:04
Кайсыл жерде жана канча сомдон ушуну билип бергилечи
0
Dembele84
2019-02-19 21:15:57
Жакшы группа ырлары уккулуктуу,барып корсон жанылышпайсын ...
+1
altyn7776
2019-02-20 10:19:21
Кэти Топуриядай ырдасанар кыргыз жаштары! Уну шанкылдап кандай гана болбосун музыканын коркун ачат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан