Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго билим берүүнүн отличниги наамы мыйзамды одоно бузуу менен берилгени айтылды

Коопсуздук кеңешинин алдындагы коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу көзөмөл боюнча жумушчу топтун мүчөсү Кайрат Осмоналиев аталган кеңештин катчылыгы Дамира Сагынбаевага Билим берүү министрлигиндеги коррупциялык иштер боюнча кайрылуу жасаган. Бул тууралуу Осмоналиев SUPER.KG порталына тастыктады.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги наамы берилгени тууралуу нааразычылык пикирин билдирди.

"Тазабек Икрамов билим берүүнүн отличнигин алды деген маалымат чыкты. Мен бул маселе боюнча юрист катары документтерди текшерип чыктым. Чындыгында Икрамовго билим берүүнүн отличниги наамын берүүдө одоно мыйзам бузуу болуптур. Биринчиден, ал мугалим эмес, 20 жылдык тажрыйбасы жок, билим берүүнүн Ардак грамотасын дагы алган эмес. Анткени отличникти алуудан мурда Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасын алуусу керек деген талап жазылып турат. Билим берүү министрлиги депутатка талаптарды бузуу менен отличник наамын берип жатыптыр. Талап боюнча бул наамга талапкерлер бир ай мурда аталган министрликтин расмий сайтында илинип турушу керек. Сайтына кирсем бир да маалымат жок", - деди Осмоналиев.

Мындан тышкары Осмоналиев коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү 2016-жылы Билим берүү жана илим министрлигине атайын анализ жүргүзүлүп, коррупциялык иштерге каршы план кабыл алынганын айтты.

"Анда 230 коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан. 2018-жылдын 1-мартында 230 белгиленген пландын жарымы дагы аткарылган эмес. Ошол учурда катуу сындар айтылып, чечим чыккан. Башкы прокуратура өзүнүн баасын берип, Билим берүү министрлигинин башчыларына дисциплинардык жаза берилиши керек деп айтылган эле. Бирок аткарылган да жок", - деди ал.

Кайрат Осмоналиев Коопсуздук кеңештин катчылыгына мындай деп кайрылган "билим берүү министрлигинин жоопкерчилик маселесин кароо керек. Керек болсо аны жумуштан кетирүү зарыл. Ошондой эле анын Икрамовго билим берүүнүн отличниги деп кабыл алган чечимин мыйзамсыз деп жокко чыгаруу керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2019-02-19 19:08:26
2 жыл дене тарбия мугалими болуп иштеген адамга билим берүүнүн отличниги берүү бул шермендечилик. Берген адамды иштен айдап берилген наамды жокко чыгаруу керек.
+6
Rusi79
2019-02-19 19:20:02
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан