Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси: "Эки жылдан бери өлкөгө Кытайдан бир да жумуртка кире элек"

2 жылдан бери Кытайдан Кыргыз жерине бир да жумуртка кире элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдан бери өлкөгө кирген жумурткалардын дээрлик бардыгы Орусия менен Казакстандан алынып келген.

"2018-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө 20 миллиондон ашык жумуртка алынып келди. Алардын дээрлик 100 пайызы Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн келди. Тактап айтканда, Орусия менен Казакстандан. Жумуртканы өлкөгө алып кирген ишканалардын баары ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде турган ишканалар жана баарына кепилдик бар. ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн, мисалы, Кытайдан 2017-2018-2019-жылдары бир дагы жумуртка кирген эмес. Болгону Өзбекстандан 2018-жылдын башында 300 миңдей жумуртка кирген. Андан башка экономикалык биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн жумуртка алынып келген жок", - деди Жумаканов.

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси:"3 жылдан бери Кытайдан бир да жумуртка кире элек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tular
2019-02-19 20:30:14
Жалган суйлобосунчу. Менин таанышым, кытайга малдын терисин жуктоп барып, келе жатканда тооктун жумурткасын алып келип оокат кылып жатат фура менен. Анда ал контрабанда болуп калабы...
+3
ali96
2019-02-20 00:41:12
tular,Бекер жаздыныз да!!! Эми текшерип журбосун
+1
Kylymbek_isakulov
2019-02-19 20:33:34
Жомок
+2
Flowhive
2019-02-19 20:37:40
Бирок жумуртка жасоо үчүн материалдар кирип жатат десең
+3
talas0707
2019-02-19 21:18:37
Булар элди келесо ойлогондору куйдурот да!
+4
Дарыгер
2019-02-20 00:55:43
Документальный кирген эмес. Контрабанда кирген болушу мумкун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан