Бишкек ЖЭБиндеги коррупция. Айыпталуучулар 15 жылдан ашуун убакытка эркинен ажыратылышы мүмкүн

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

18-февралда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып тергөө абагында отурган Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев жана Салайдин Авазовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилген. Бирок сот өтүнүчтү четке каккан.

19-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматы райондук сотко таянып өтүнүч эмне себептен четке кагылганын түшүндүрдү. Маалым болгондой, сот айыпталуучуларга өзгөчө оор кылмыштар боюнча күнөө коюлуп жатканын, ага ылайык кылмышкерлер 15 жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн экенин белгиледи. Мындан улам сот алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке каккан.

Мындан сырткары Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 5 миллиард 439 миллион 482 сом болгону, учурда ал зыяндар кайтарыла электиги айтылды.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр Станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2019-02-19 21:58:12
Эки уч жылдан кийин акталып кыскартылып болбой кетсе кийинки президент келсе чыгып кетишет булар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан