Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Улуттук Энергетикалык холдингдин" мурдагы топ-менеджери Салайдин Авазов сурак берүүдө.
Мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев: "ЖЭБди модернизациялоодо министр катары сизге басым жасадым беле?", - деген суроо берди.
"Мурун өлкөдө көп ири долбоорлор ишке ашпай калчу. Ошондуктан ЖЭБди модернизациялоодо убакыттан уттурбаш керек эле. Чечимдер тез арада кабыл алынбаса, Кытай тарап жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартмак. Эгер ЖЭБ ошол жылы жаңыланбаса, жылуулук тармагында коллапс жаралмак. Андыктан мурдагы өлкө башчыдан тарта бул долбоорго тиешелүү адамдардын бардыгы оперативдүү иштөөгө далалат жасашкан деп ойлойм. Биз баарыбыз Саммитке чейин бул долбоорду ишке ашырганга аракет кылганбыз", - деди Авазов.
Мындан тышкары, Айбек Калиев: "Мага карата сиз ар дайым жолугуп, ЖЭБ боюнча тапшырмаларды берип турган деген көрсөтмө бериптирсиз, ошону негиздеп бере аласызбы?",- деген суроосуна Авазов: "Тергөөнүн алгачкы сурактарында эмоцияга алдырып, айрым жагдайлар тууралуу туура эмес өңүттө көрсөтмө бергем. Бүгүн Калиевге жана Исаковго берген каршы көрсөтмөлөрүмдөн расмий түрдө баш тартам", - деди ал.