Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурум мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиевдин сотко билдирген өтүнмөлөрүнөн башталган.
Анда алар ЖЭБ боюнча соттук-экономикалык экспертиза жүргүзгөн, иште күбө катары өтүп жаткан эксперттер Г.Асанова менен Е.Хафизовду өз ыктыяры менен келбесе, мажбурлоо иретинде алып келүү керектигин өтүнүштү. Буга мамлекеттик айыптоочулар каршы болду. Сапар Исаков судья керектүү күбөлөрдүн отурумга катышуусун камсыз кыла албаса, бул иштен баш тартуусун жарыялады. Ал эми Айбек Калиев жана жактоочулар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судья тыныгуу жарыялап, ал бүткөн соң Исаковдун Асанованы соттук отурумга мажбурлап алып келүүсүн талап кылган өтүнмөсү кабыл алынганын билдирди.
Отурумда Айбек Калиев сурак берип, ал ЖЭБди модернизациялоо боюнча иштер өз максатына жеткенин жана жаңы курулган ЖЭБ бүгүнкү күндө шаардыктарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылып жатканын эскертип өттү. Отурумда жактоочулардын суроолору көбүнчө "TBEA" жана "СМЕК" компаниялары тууралуу болду.
Сурак учурунда судья Авазовдун жактоочусуна суроолорду кыска бериңиз деген эскертүүсүнө: "Кантип кыска суроо берем же Калиевден "өзүңдү кандай сезип жатасың деп сурайынбы?", - деп залды күлкүгө салды.
Иш убактысы соңуна чыгып калгандыктан жана айыпталуучу Айбек Калиев өзүн жаман сезип баштагандыктан, соттук отурум 11-ноябрга жылдырылды. Анда судья кийинки отурумда Темирлан Биримкуловдун сурагы өтөрүн эскертти.
Маалым болгондой, сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.