Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Соттук отурумдун башында "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин жактоочусу Эрнис Сааданбеков судьяга өтүнмө келтирди. Жактоочу иштин материалдарынан соттук-экономикалык экспертиза жүргүзүп, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептеген эксперт Евгений Хафизовдун көрсөтмөсүн алып салуусун өтүндү. Жактоочунун айтымында, Хафизов сурак берип жатканда күбө катары жалган көрсөтмөлөрү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары тууралуу эскертилген эмес. Бул нерсе соттук процесстин тартибин бузат деди жактоочу.
"ЖЭБ боюнча курулуш-техникалык экспертизасынын жыйынтыктарын дагы жокко чыгарууну өтүнмө кылабыз, анткени анын эч кандай юридикалык күчү жок, себеби ал мамлекеттик экспертизадан өткөн эмес", - дейт Сааданбеков.
Судья Ирина Воронцова тараптардын оюн уккандан кийин өтүнмөнү аткаруудан баш тартты. Судья Евгений Хафизов кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскертүү алып, кол койгонун билдирди. Буга жактоочу Эрнис Сааданбеков отурум бүткөндө процесстин видео жазуусун көрүп чыгууну өтүнмө кыларын эскертти. "Бул жакта толтура күбө, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер отурат. Мен судьяга эмес, өз көзүмө ишенем", - дейт жактоочу.