Астротөлгө: 20-февралда төрөлгөндөр башка адамдардын да кайгысын жүрөгү менен кабыл алышат

Бул күнү төрөлгөндөр маданиятка, адабиятка, музыкага жакын романтик адамдар. Ачык-айрым, айланадагылар менен бат тил табышкан, боорукер жана түшүнүктүү сапаттарга ээ. Эки тарап менен келишүүдө, иш жүргүзүүдө ортодогу дипломат катары мыкты кызмат кылышат. Абдан сезимтал, башка адамдардын да кайгысын жүрөгү менен кабыл алышат. Аларды ал көйгөйдөн чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшайт, бирок кээ бир адамдар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн боорукерлигин колдонуп жатканын да билбей калышат.

Эс-тутуму жакшы өөрчүгөн, бирөөнү унутпайт, ошол эле убакта унутта да калгысы келбейт. Жайдары, кыялкеч, сыйчыл мүнөзү башкалар менен конфликтке алып барбайт. Элдин алды болууга умтулушат. Таланты, акылы жана таза ой жүгүртүүсү менен көпчүлүктүн көңүлүндө болуп, ийгиликтерге жетишет.

Урушуп-талашууну жактырбаган бул адамдар сезимдер жаатында токтоо, зирек, акылдуу адамдар менен тил табышып, гармонияда жашап өтүүнү каалашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан