Астротөлгө: 14-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар кайсы сапаты менен өзгөчөлөнүп турушат?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

14-ноябрь күнү төрөлгөн адамдардын мүнөзү кандай болот билесизби? Бул күнү жарыкка келген адамдар идеалист, чындыкты издеген, калыс болушат. Алар жакындарынын ортосунда пикир-келишпестиктер жаралса калыстык менен чындык кайсы тарапта болсо ошол жакка жан тартып турушат. Ошондой эле булар алдына койгон максатына жетүү үчүн жасап жаткан ишинин майын чыгарып, чынчылдыгы менен бардык кыйынчылыкты жеңүүгө болгон аракетин, күчүн жумшайт.

Бул күнү төрөлгөн адамдар жеке мамиледе өнөктөшүнө берилүү менен мамиле кылып, ар дайым кадыр-барктуу болууга ашыгышат. Ошондой эле алар балык жана бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөндөр менен идеалдуу өнөктөш боло алышат.

14 санынын алдында төрөлгөн адамдар өзгөчө болушат. Алар кандай кесипти аркаласа да жараша берет. Алдына койгон максатына жете билгендиктен жумуштун оордугуна карабай жан дили менен берилип иштөөгө даяр болушат. Ошол эле учурда жакын адамдарына колунан келген жардамын берүүгө ашыгышат. Бул күнү жарыкка келгендер өзүн саясатта, философия, илим, искусство тармагында көрсөтө алса, тез эле ийгилик жарата алышат. Ошондой эле алар абдан таланттуу, чыгармачылыкка жакын адамдар болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан