Бишкекте 10-класста окуган кыз изделүүдө

Бишкекте 16 жаштагы Алтынай Болот кызы изделүүдө. Бул тууралуу кыздын апасы Назгүл Тилекова кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз кечээ, 19-февралда сабактан чыккандан бери дайынсыз болууда.

"Кызым кечээ, 19-февралда саат 14:00дө сабактан чыккан бойдон дайынсыз болууда. Ал Арча-Бешик конушундагы мектепте 10-класста окуйт. Өзгөчө белгилери: бою 168 сантиметр, чачы күрөң түстө. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү кофта, кара түстөгү шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Сүрөттөгү кызымды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү номерге байланышып коюуңуздарды өтүнөм", - дейт кыздын апасы.

Байланыш телефону: (0709) 33 47 49.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2019-02-20 15:56:23
Jora98, темадан алыс, жарнамалык мүнөздөгү билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган! БАН!
0
Dinmuhammed
2019-02-22 20:39:47
Табылып калсын эсен-аман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан