Ырчы Кундуз Канатбек кызы кыздуу болду

“90-60-90” менин фигурам" деп ырдап чыгып элге таанылган Кундуз Канатбек кызы көз жарды. Ал кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 20-февралда жарыя илди. Наристенин сүрөтүн илген ырчы "Менин кызым" деп жазган. Анын маалыматына караганда, наристенин салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 54 сантиметр болуп төрөлгөн. Кундуз Канатбек кызы бүгүн эртең менен саат 10 чамасында Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган. "Жанымда апам жана жолдошум болду. Азырынча кызыбызга ысым ыйгара элекпиз", - дейт ырчы.

Ырчы көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгып, үлпөт тою 2018-жылдын 26-июль күнү болгон.

Кундуз Канатбек кызы "Супер-Инфо" гезитине турмушка чыккандан кийин берген маегинде "Сахнадан алыстаганыма жеке жашоом себеп болду. Сахнаны сагынам. Сахна аркылуу дос, тууган, кесиптеш таптым. Аздыр-көптүр атым элге таанылды. Ошентсе да азыр мен үчүн эң биринчи орунда жакшы жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болуу турат. Ошондуктан болгон күчүмдү, убактымды үй-бүлөмө бурам. Калганын убакыт көрсөтөт", - деген. Ошондой эле ал чыгармачылыкка кайтарын толук ачыктабаса дагы, сулуулук салонун ачып иштетерин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aida007
2019-02-20 17:52:59
Бактылуу ыймандуу кыздардан болсун аминь
+5
Belle
2019-02-20 17:54:25
Куттуктайм
+3
Zimzimemir
2019-02-21 03:33:49
Омурлуу,акыл эстуу,ай чырайлуу кыз болсун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан