Ысык-Көл облусунда бельгиялык турист кар көчкүнүн алдында калып каза болгонун Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирген.
Каза болгон 32 жаштагы турист Кларк Кукенст Кыргыз жерине көп жолу келген. Ал ар бир келгенинде Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышын сүрөткө тартып, өзүнүн Фейсбук баракчасындагы жеке баракчасына жүктөп турган.
Маркумдун сүрөттөрүн көбүндө жайлоо, жаратылыш жана тоолорду көрүүгө болот.