Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу: "Бүтүндөй дүйнө карап турган учурда террорист аталып, элимди уят кылып аламбы деп корктум" (маек)

2018-жылдын 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын унаасы менен сүзүп алган кыргыз жараны Чыңгыз Анарбек уулу 19-февраль күнү эркиндикке чыкты. 8 адам жаракат алган жол кырсыгынын себебин Анарбек уулу күнү-түнү иштеп чарчагандыктан рулда уктап кеткендиги менен түшүндүргөн. Аталган окуя көптөгөн өлкөлөрдө резонанс жаратып, айрым чет элдик маалымат булактары кырсыкты атайын жасалган террордук акт болушу мүмкүн деп да жазышкан. Кийинчерээк айдоочунун берген көрсөтмөсү тастыкталып, Москва шаарынын Тверь райондук соту Анарбек уулун 1 жыл 6 айга кара жумушка тартууну чечсе, Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим чыгарган.

SUPER.KG порталы Чыңгыз Анарбек уулунун абалын сурап, алдыдагы максаттары тууралуу маек курду. Чакан маекте ал 8 ай аралыгында башынан өткөргөн күндөрүн баяндап, келечектеги пландарын айтып берди.

"5 ай Москвадан чыкпашым керек"

- 19-февраль күнү эркиндикке чыктым. Туугандарым, "Замандаш" партиясынын өкүлдөрү тосуп алышты. Азыр Москва шаарындамын. 5 айга чейин шаардан чыкпашым керек. Бул жакта мурда иштеп кеткен жетекчимдин үйүнө каттоого турдум. Ошондой эле аймактык милиция, инспекторлордун каттоосуна турушум керек. Андан кийин Москвада иштей берем. Мурда кафелердин биринде ашпозчу болуп иштечүмүн. Азырынча кайсы жумушка киреримди билбейм, аны көрө жатарбыз. Абакта 8 ай болдум. Унаа айдап жүргөн туугандарыма, мекендештериме, бир боорлорума, жалпы эле унаа айдаган адамдарга айтар элем, колдон келишинче шашылбай айдап, убагында эс алып туруш керек экен. 10 саатта жетчү жерге 12-саатта жеткенден көп деле нерсе өзгөрбөйт. Менин башыма келген окуяны эч кимге каалабайм. Мага Кудай оор сыноо берди, бирок жеңил куткарды. Каражат чогултуп, дуба кылып бүтүндөй кыргыз элим колдоп турду. Жабырлануучулар да эч кандай доом жок деген арыз жазып беришип, сот аягына чыкканга чейин менин акталып кетүүмдү каалап турушту. Сот жалпы 11 жабырлануучуга ар түрдүү суммадагы компенсация төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган. Элден чогулган каражат дээрлик баарына жетти.

"Абактан 6-7 кыргызды кезиктирдим"

- Абактан 6-7 кыргызды көрдүм. Кай бирөөлөр мушташып түшкөн, кай биринин дагы башка окуясы бар. Эмне болуп абакка түшүп калганын сурап, алардын көңүлүн түшүргүм келген жок. Абакка түшүп калууну душманыма дагы каалабайт элем. Үй-бүлө, бала-чака багам деп чет жерлерде иштеп жүргөн мекендештериме кайрылып кетет элем. Бөтөн элде болушунча абайлап, өлкөнүн мыйзамын сактап жүрүшүңөрдү суранам. Силерди ойлоп санаа тартып отурган ата-энеңерди, туугандарыңарды ойлогула. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. Сактык эч качан ашыкча болбойт.

"Кыздарымды көрө элегиме 2 жыл болуп калды"

- Ата-энем, жубайым азыр Кыргыз жеринде. Менден башка 4 бир тууганым бар. 3 жаштагы жана 1 жаштагы кыздардын атасымын. Тамак ичкен сайын "атам келсин деп" бата кылып турушат экен. Аларды көрө элегиме дээрлик 2 жыл болуп кетти. Буюрса, 5 айлык мөөнөт бүткөндөн кийин дароо мекениме аттанам деген ниетим бар. Кырсыкка кабылып жакындарымды көп санаага салып койдум окшойт. Алардан, жалпы эле кыргыз элимден кечирим сурайм. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, бүтүндөй жер жүзү карап турган учурда террорист аталып элимди уят кылып аламбы деп корктум. Бактыга жараша баары жакшы аяктады.

"Жаңы дем менен кайрадан спортко киришейин деп жатам"

- Кичинекей кезимден эле спорт менен машыгып, бокс менен алектенип жүрдүм. 5 жылдай өлкөнүн курама командасын машыктырган Кенжебек, Адылхан, Акжол аттуу агайларымдын колунда жүрдүм. Орусияга келгенден кийин 3 жылдай эрежесиз уруш менен машыктым. Бир топ чет өлкөлөрдө өткөн мелдештерге катышып, байгелүү орундарга илинип жүрдүм. Буюрса, жаңы дем менен спортко кайрадан киришейин деп турам. Мага сыноо келген учурда колдогон кыргызымды даңктап, дүйнөгө таанытуу үчүн убакыт келди деп ойлойм. Мындай кылам, андай кылам деп так айта албайм. Бирок Кудай да пенденин аракетине жараша буйрук кылат эмеспи. Максаттарыма жетүү үчүн болгон күчүмдү жумшап, талыкпай аракет кылам деп сөз берем.

"Интернеттеги мен тууралуу комментарийлерди окуп алып ыйладым"

- Абакта кайдагы интернет? Сыртта эмне болуп жатканынан кабарым жок болчу. Жадакалса мен сүзүп кеткен адамдардын баары тирүү экенин бир нече күндөн кийин билдим. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо мен тууралуу талкууларды көрүп аябай таң калдым. Мен жөнүндө видеолор көп экен. Мага колдоо көрсөтүп, күйүп-бышкан комментарийлерди окуп алып ыйладым. Көптөгөн адамдарды санаага салып койдум окшойт. Алардын баарынан кечирим сурайм. Туугандарыма, досторума, жакындарыма мени колдоп турушкан бүтүндөй кыргыз элиме терең ыраазычылыгымды билдирем. Кыйынчылыктар артта калды. Буюрса, менде баары жакшы. Кыргыз элине кызмат кылууга ар дайым даярмын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Take_men
2019-02-21 11:53:35
Баары жакшы бүттү буюрса. Негизи Кудай сактанганды сактайт дейт. Абайлап жүрөлү. Англис жана испан тилинде видео жаздырып титр менен болсо да Мексикалыктардан кечирим сурап рахмат айтып койсоң жакшы болмок
+8
Busi06
2019-02-23 06:25:02
Take_men,Акчасын бергенден кийин болду да эми, ал жерде адам олбосо баары женил эле жарат алган учун ушундай женилдик берилди,аркасынан кечирим сурап подхалиндик кылбай эле кой, сен эмне атайладын беле кырсык та жон гана
0
zhumagul89
2019-02-21 16:29:34
Окуп ыйлагым келди....кудайга шугур баары жакшы экен.
0
Дарыгер
2019-02-21 16:37:32
Террорист деген создон уялат. Азаматсын кыргыздын жигити. ХХХХ ХХХХ ХХХХ
0
Rusi79
2019-02-21 17:07:55
Ай тууганым ай тиричилик деп уктабай жанынды аябай,этият болгулачы ананайындар тиричилик бутчу беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан