Футбол боюнча Азия чемпиондугу (U-23): Кыргыз курама командасынын тизмеси белгилүү болду

2020-жылы өтө турган футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катыша турган Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, Азия чемпиондугунун тандап алуу туру 2019-жылдын 22-26-март аралыгында Кувейтте өтөт. Анда Кыргыз курамасы "Е" тайпасынын алкагында Кувейт, Сирия жана Иордания курама командаларына кез келет.

Тандап алуу турунун жыйынтыгында 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген 4 команда финалдык этапка өтөт. Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгү Таиландда 2020-жылдын 8-26-январь аралыгында өтөт.

Ошондой эле Азия чемпиондугунун 3 мыкты командасы 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Олимпиадалык курама команданын башкы машыктыруучусу Владимир Сало курамга 23 футболчуну тандап алган. Курама команда 21-февралдан баштап 5-мартка чейин Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт.

Кыргыз олимпиадалык курама командасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Артем Прядкин, Арстан Кудайбердиев ("Илбирс");

Коргоочулар: Бейбарс Абдрахманов, Аманжан Жаныбек уулу, Азат Мурзашев, Амантур Шамурзаев, Кубанычбек Куренкеев, Нуртай Курмантай уулу ("Илбирс"), Камолиддин Ташиев ("Абдыш-Ата"), Кайрат Изаков ("Академия");

Жарым коргоочулар: Александр Мищенко, Айзар Акматов, Темирболот Тапаев, Нурланбек Сарыкбаев ("Дордой"), Гүлжигит Борубаев, Виктор Кельм, Жеңишбек Сыдыков, Сүйүнбек Мамыралиев ("Илбирс"), Нурболот Ырысбеков ("Абдыш-Ата"), Азамат Өмүралиев ("Нефтчи");

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов ("Дордой"), Кадырбек Шаарбеков ("Илбирс");

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nursultan.mamatkalyk
2019-02-21 13:17:20
Алыкулов жокго
0
Flowhive
2019-02-21 15:10:50
Главный тренер
0
murat17
2019-02-21 17:11:08
Кучтуу командаларга тушуп калыптыр баары эле араб олколору экен женилип баратса судьяны дагы сатып алышат булар Буга мисал биздин курамабыз менен оаэнин оюнун алсак болот
0
u.n.m
2019-02-21 22:04:21
Футболдук командага ийгилик каалайм. Жылдызыңарды жандыргыла Кыргызымдын жигиттери!!!
0
Chungyz
2019-02-22 00:39:50
Ийгилик силерге жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан