Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров картошка маселесин чечүү үчүн ыкчам штаб түзүүнү сунуштады.
"20 күндөн кийин жаңы картошка чыгып, чириген картошкалар калат. Бул боюнча бири-бирибизди күнөөлөбөй, ыкчам штаб түзүү керек. Биринчи вице-премьер-министр өзү баш болуп коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүшү шарт. Мамлекеттик бюджеттен каражат алган кыргыз армиясынан тартып бала бакчага чейин картошканы түз сатуу зарыл. Ал үчүн түзүлгөн атайын штаб транспорт жана башка маселени чечиши керек. Дыйкандар картошкасын 3 сомдон сата албай жатат. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн жолун өкмөт ыкчам түрдө иштеп чыгышын талап кылам", - дейт ал.