Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев Казакстан Кыргыз мамлекетинин айыл чарба продукциясына фитосанитардык карантин киргизип койгонуна нааразы болду.
"Кечээ күнү ЖМКларда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргыз мамлекетинин продукцияларына фитосанитардык карантин кирип жатканы боюнча маалыматтар жарыяланды. Эки айда карантиндин талаптарына жооп бербеген продукциянын киргени боюнча 465 окуя болгон. Кандай болуп жатат? Биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Бул боюнча алдын ала маалымат айтылып, анан карантин киргизилиши керек эле. Дыйкандар кыйналып жатат. Ысык-Көлдө да картошканын баасы түшүп кетти. Эмне себептен мындайга жол берилүүдө? Жакында Казак делегациясы келип кеткенден кийин карантин киргизилди. Мунун үстүндө иштеп, элге алдын ала маалымат берилиши шарт", - дейт Карашев.