Депутат Алмазбек Токторов Ноокат районунда 15 жаштагы окуучулардын боюу 10-12 жаштагы балдардыкындай экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өткөн жумада Ноокат районуна барып, мектептердин абалын көрдүк. Мектептердин көйгөйлөрү көп. Ошонун катарында Зулпуев айыл өкмөтүндөгү мектептин пайдубалы жок, жер титиресе дубалы түшүп кала тургандай. Эл мектептеги шарттарды жакшыртууну суранууда. Бул маселе боюнча 3 жылдан бери суранып жатам. Көңүл бурулбай келет. Ноокат районунда 9-класстын 15 жаштагы окуучуларынын боюу 10-12 жаштагы балдардын боюндай. Саламаттыкты сактоо министрлигине балдарды текшерүү керектигин айттым. Балдар мындай шартта окубашы керек", - дейт депутат.