Кара-Балтадагы 930 окуучуга ылайыкташкан №1 мектепте 2300дөн ашык окуучу билим алып жатат. Бул тууралуу 21-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.
Эл өкүлү окуучулар 3 смен менен окуганда билим алуусуна ыңгайсыздыктар жараларын айтты.
"Чүй облусунда жыл сайын жашоочулардын саны көбөйүп жатат. Жайыл районундагы мектептин мугалимдери менен жолугушканда имарат маселеси көтөрүлдү. Бир жыл мурун вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен барганда да абалды көрүп кейип келген элек. Бул маселе 2019-жылдын бюджетине кирет деген тилегибиз бар болчу. Ал да ишке ашпай калыптыр. Жайыл районундагы 474 окуучуга ылайыкташкан мектепте 2226 окуучу окуйт. Ушундай эле көрүнүш Кара-Балтадагы №1 мектепте бар. Ал жакта 930 окуучу окуй турган мектепте 2330 бала билим алып жатат. Кысылышып окуп жаткан балдардын билими кандай болот?" - деди Субанбеков.
Депутат бул маселеге өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарылдыгын айтты.