"Бүгүн, 21-февраль. Өзгөн шаары башка учурдагыдан такыр бөтөнчө. Таза, жол жээктеринде баш аламан токтоп турган унаалар жок. Анткени президент келиптир". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видео жөнөттү.
"Аймактарга атка минерлер келгенде гана жолдор тазаланып, шыпырып-жуулуп, кадам сайын милиция туруп калат. Башка учурларда баягы эле баш аламан жашоо. Мисалы, Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү бүгүн адаттагыдан башкача. Жол жээктеринде эки катар болуп токтогон унаалар жок. Кадам сайын милиция кызматкерлери. Жааган карды таң эрте сүрдүрүп тазалап коюшкан. Жолду каалашынча кесип өтө берген жөө жүргүнчүнүн баарын милиция көзөмөлдөп турат. Ушул жолдор аркылуу президент бүгүн Сузак районуна иш сапары менен өтүп кетти. Бул бүгүнкү эле көрүнүш эмес. Мисалы, министрлер, жогорку кызматта отурган атка минерлер келгенде, жада калса Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков өзү туулуп өскөн жерине келерде да Өзгөн тазаланып калат", - дейт окурман.
Ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу структуралары же жергиликтүү бийликтегилер чоңдор келүүсүнөн көз карандысыз эле дайыма ушундай иштерди жасап турса болбойбу деген ойдо.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.