Эртең Германияда дзюдо боюнча эл аралык Гран-при мелдеши старт алып, 3 кыргыз спортчусу татаминин үстүнө чыгат

Эртең, 22-февралда Германияда дзюдо боюнча эл аралык Гран-при мелдеши старт алып, 3 кыргыз спортчусу татаминин үстүнө чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш Дюссельдорф шаарында 22-24-февраль аралыгында өтөт. Бул мелдеште 14 медалдар топтому ойнотулуп, алар үчүн 750дөн ашуун спортчу күч сынашат. Кыргыз өлкөсүнөн бул биринчиликке 10 спортчу катышат, алардын арасында Азия оюндарынын коло медалынын ээлери Артур Тё жана Владимир Золоев бар.

Эртең эркектер арасында 60 жана 66 килограммга чейинки салмак ченинде мелдештер өтөт. Анда татаминин үстүнө 3 кыргыз дзюдочу чыгат. Алар Отар Бестаев, Артур Тё жана Алмаз Алтынбек уулу.

Мелдешке катыша турган Кыргыз дзюдочуларынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё жана Алмаз Алтынбек уулу;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов жана Бексултан Султанов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов жана Эрлан Шеров;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий жана Бекболот Токтогонов;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан