Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны түшкү тыныгуудан кийин 20га жетпеген депутаттын катышуусунда өтүп жатат. Ал эми каттоодон 83 депутат өткөн.
Учурда "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Күн тартиби боюнча жыйында 9 маселе каралат. Талкууланбаган 6 маселе калды. Түшкү тыныгууга чейин ар кандай маселелер, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланды.