Ырчы Анжеликанын ийне сайылган сүрөтү Байтик айылындагы мүрзөгө көмүлгөн жеринен табылып, ошол учурдан тартылган видео тарады. Сүрөттөн тышкары кара түстөгү бут кийим жана башка буюмдарды көрүүгө болот.
Ал эми ырчы бул видеону Инстаграмдагы жеке баракчасына жайгаштырып төмөнкүлөрдү билдирген.
"Куржун Бишкек шаарынын Байтик айылынан табылган. Беш кол тең эмес, Кудайыбыз бирөө болсо да ар кандай "кара дүйнө" менен жашап келгендер бар экени өкүндүрөт. Мен кечээ ушул нерсени жардамчы кызым аркылуу көрдүм. Жакындарым тапкан балдар менен жолугуп, ошол жерге барышып, чоң молдолордун айтканын жасашты. Мындай нерсеге биз көнүп деле калдык. Керек болсо салонума ай сайын мындай сүрөттөрдү, ийне сайылган куурчактар менен кара дубага буйрутма алгандар өзүлөрү алып келип беришет. Анткени мени таанышат. Эмнени ойлоп мынчалыкка барышат, билбейм", - деп жазган ырчы.