Адамда ач көздүк сапат жок болсо ар бир жасаган ишинен ак ниеттүүлүктү көрүүгө болот. Бул сөздөр 27 жаштагы кыргыз жигитинин жөнөкөй адамдык мамилесиндеги эрдигин сүрөттөй алат.
Нурсултан Кайназаров Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында туулган. Учурда Москва шаарында жүргүнчү ташып такси кызматында иштейт. Ал унаасында жүргүнчү унутуп кеткен 1 миллион рубль акчаны ээсине кайтарып берди.
Акча каражатынын ээси, дагестандык аял Нурсултан Кайназаровдун апасына кайрылуу жөнөтүп, төмөнкүлөрдү айткан.
"Эже, ушундай уулду багып чоңойтконуңузга, туура тарбия бергениңизге рахмат. Биз унаасына 1 миллион рубль акчаны, паспортту унутуп кеткен экенбиз. Уулуңуз баарын толугу менен кайтарып берди. Эми кайра бизди аэропортко алып бара жатат. Биз Махачкаладан болобуз. Келип конок болуп кетиңиздер", - деген.
- Нурсултан, окуя тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
- 20-февралга караган түнү "Домодедово" аэропортунда турсам дагестандык жигит келип отурду. Бара турган даректи айтып, ошол жерге жеткирүүмдү суранды. Жеткирдим. Ал унаама 1 миллион рубль акчасын унутуп койгон экен. Акча отургучтун асты жагына түшүп калыптыр. Мен аны арадан 12 саат өткөндө көрүп калдым. Чоң суммадагы акча көрүнгөн. 1 миллион рубль экенин кийин билдим.
- Акчанын ээлери апаңызга видео кайрылуу жөнөтүшкөн экен.
- Ооба. Алар Дагестандан кредитке акча алып келе жатышкан экен. Кайра колго алышканда аябай ыраазы болуп кайрылуу жөнөтүштү. Апам Бишкек шаарында турат. Келинчегим ооруканада болчу. Апам угуп алып сыймыктанып калды.
- Такси кызматында иштегениңизге канча болду?
- Негизи Москвага 2012-жылдан бери келип-кетип иштеп жүрөм. Такси айдап иштегениме бир ай болгон. Үй-бүлөлүүмүн. Кыздарым бар.
-Маегиңизге рахмат!