Бүгүн "Ата Мекен" фракциясы Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тууралуу маселени карайт

Бүгүн, 22-февралда "Ата Мекен" фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жыйында Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу көйгөйлөрү тууралуу, "Унаа жолдордун жол кыртышын калыбына келтирүү" долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө маселе талкууланат. Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын, Транспорт жана жол министрлигинин, Финансы министрлигинин, Эсептөө палатасынын, Башкы прокуратуранын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү чакырылган.

Мындан тышкары "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан