SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Асылбек Жээнбеков журналистке "тарбияң барбы?" дейт" деген видео жүктөлдү. Бул видео социалдык тармактарга да тарап кетти.
Видео качан тартылганы тууралуу азырынча маалыматтар жок. Анда журналисттин учурдагы депутат Асылбек Жээнбековго кандай суроо бергени тартылган эмес. Бирок эл өкүлү ага суроо берген журналистке жооп берүүнүн ордуна аны демиткенин көрүүгө болот. Ал журналистке: "Улуу катары мен силерге айтып жатам го. Сен кайдан болосуң? Тарбия көргөнсүңбү? Тарбия көрсөң кантип мындай мамиле кыласың? Ата-энең барбы?" - деп зекиген.
Журналист "эл ала албаган жоопту биз алып берели дейбиз" деп айтканга эле жетишкен. Депутат суроолорго жооп бербей турганын айтып кетип калган. Интернет колдонуучулар журналисттин берген суроосу кандай болгонуна кызыгуу артып, мындан тышкары Жээнбековдун журналистке карата жасаган мамилесин сынга алган. Анын чөнтөктөн колун албай сүйлөгөнү да сын-пикирлерди жаратты.