Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат угулду. Эл өкүлү эмне себептен балык чарбасы менен Жайыт департаменти бириктирилген деген суроо салды.
"Эмне себептен бизде Жайыт департаменти менен балык чарбасы бириктирилген, же эмне балыктар жайытка чыгарылып жатабы? Ар бири өзүнчө болушу керек эле. Бул эки тармакты бириктирүү туура эмес деген ойдомун", - деди депутат Айбек Алтынбеков.
Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев: "2016-жылы кол коюлган буйруктун негизинде мал чарбачылыгы, балык чарбасы жана Жайыт департаменти бириктирилген. Албетте, муну кошуп коюу туура эмес. Мисалы, балык чарбасы акыркы жылдары өнүгүп жатат. Суу сактагычтар, атайын бал өстүрүүчү жайлар көбөйүүдө. Бизде жылына 700 миң тоннага чейин балык чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Орусиядан буюртмалар да келүүдө. Сиз айтканга кошулам, балык чарбасын өзүнчө бөлүү керек", - деди Мурашев.
"Муну сөзсүз түрдө бөлүп, аны министрлик өз көзөмөлүнө алышы керек", - деп кошумчалады депутат.