Бишкекте 23-февралга караган түнү ири өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өрт кырсыгына күбө болгон шаар тургуну Азиз Джанбакиев билдирди.
Маалым болгондой, Чүй жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа оңдоочу жай толугу менен күйүп кетти.
Өрт өчүрүү кызматы саат 00:25 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт кырсыгы эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз.