Эртең, 24-февралда Орусиянын Москва шаарында көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз жараны Канжар Сатаров билдирди.
"Аталган мелдеш Москва шаарындагы Беговая метро станциясындагы ипподромдо өтүп, ага 4 Кыргыз командасы катышат. Азыркы тапта аттар мелдешке даярдалып жатат. Эртең 4 команда оюн талаасында күч сынашып, мыктыларды аныктайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Ош командалары катышат", - дейт Сатаров.
Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысы 200 рублду түзөт.