Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 311 миллиард 834 миллион 670 миң сомду же 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түздү.
Анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз - 267 миллиард 228 миллион 640 миң сом же 3 миллиард 825 миллион 750 миң доллар .
Мамлекеттик ички карыз - 44 миллиард 606 миллион сом же 638 миллион 60 миң доллар.
Мунун көп бөлүгүн өлкөнүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз түзөт. Тактап айтканда, маалыматта аталган банкка Кыргыз өлкөсү 1 миллиард 719 миллион 380 миң доллар карыз экендиги көрсөтүлөт. Бул мамлекеттик тышкы карыздын дээрлик 45 пайызын түзөт. Андан кийинки катарда Эл аралык кызматташуунун Япониядагы агенттигине, Түркия Республикасынын өкмөтүнө, Германиянын KfW банкына болгон карыздын суммасы турат.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 56 пайызын түздү. 2018-жылдын аягында өлкөнүн калкынын саны 6 миллион 294 миң 587 адамга жеткен.