Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы каза болгон 18 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатат. Маркумдун агасы Абдыкерим Өмүралиев инисинин өлүмүнө эмне себеп болгондугунун так жообу болбой жатканын айтат.
Ошондой эле Өмүралиевдин айтымында, шектүү катары кармалган балдардын алтоо облустук сотко баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылып, бирок сот чечимди күчүндө калтырган.
"Тергөө жүрүп жатат. Шектүү балдардын ата-энелери куран окутуп, кечирим сурап кетишкен. Биз деле аларга ырайым берүүнү туура көргөн жокпуз. Соттун чечимин, тергөөнүн жүрүшүн эле күтөбүз. Азыр ойлоп көрсөк, былтыр инимдин мелдештен кийин колу сынып үйгө келген. Сурасак сындырып алгам деп койгон. Балким, ошондо деле бирөө-жарым сындырып койгонбу деп ойлоп жатабыз. Ал эми маркум иним балдардын телефонун тартып алып койгон деген сөздөрдү териштирсек, бул маселе декабрь айында эле бүткөн деп шектүү балдар айтууда. Ошондон улам инимдин өлүмү менен аяктаган уруш эмнеден улам болгондугунун так жообу жок", - деди маркумдун агасы.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелип 8 бала кармалган. Алардын экөө 16 жашта болгон. Ал эми Каракол шаардык соту шектүүлөрдүн алтоону эки айга, калган 2 мектеп окуучуну бир айга камакка алган.
Киши колдуу каза болгон окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору кызматтан кеткен.